Парламентке президенттик шайлоо менен кошо референдумду өткөрүү сунуштамасы түштү. Бул маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев “Фейсбук” баракчасына жазды.
Ал аталган референдумду 10-январда президенттик шайлоо менен кошо өткөрүү тууралуу мыйзамдын долбоорун жарыялап, “ЖКга келип түштү. Кандай ойдосуңар?» деген билдирүү калтырган.