Согуш ардагерлери аз калды, Жеңиштин 75 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлеринин ар бирине 70 миң сомдон берүү керек. Мындай пикирин бүгүн, 20февралда Жогорку Кеңештин « ар кандай» маселелер саатында депутат Дастан Бекешев билдирди.
“Учурда жашап жаткан 220дай ардагерге менин эсебим боюнча 15 млн 400 миң сом кетет. Жылдан-жылга саны азайып бара жаткан ардагерлерибизге көңүл буруп, дөөлөттүү карылыгын татыктуу жашап өтүүсүнө көмөк көрсөтүшүбүз керек”, – деди депутат Бекешев.