Парламентте коронавирус жуктурган мигранттарды өзүнчө учак менен алып келүү маселеси көтөрүлдү

Парламентте коронавирус жуктурган мигранттарды өзүнчө учак менен алып келүү маселеси көтөрүлдү

Өкмөт коронавирус менен күрөшүп жаткандай түр көрсөтсө, эл карантинде үйдө отуруп, обочолонуп жаткандай эле болуп жатат. Бул өзүн-өзү алдоо. Аткаруу бийлиги коронавирус менен жакшы күрөшпөй жатат. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда өтүп жаткан парламенттин жыйынында эл өкүлү Марлен Маматалиев билдирди.

Маматалиев өкмөткө Кыргызстанга сырттан алып келинип жаткан жарандарды жеринен экспресс-тест алып, ошонун жыйынтыгы менен илдетти жугузгандарды, таза адамдарга аралаштырбай алып келүү сунушун берди.

«Чет мамлекеттерде жарандарын алып келүүдө, алардан алгач экспресс-тест алып, анын жыйынтыгы менен оору жугузган мекендештерин өзүнчө учак менен алып келишүүдө. Ал эми биз баарын аралаштырып алып келүү менен оорунун жайылышын күчөтүүдөбүз. Анткени алар учактан бири-бири менен байланышта болуп, илдетти ошол замат жугузуп алышууда», — деди депутат.

Марлен Маматалиев бул тажрыйбаны бардык чет мамлекеттер колдонуп жатканын айтып, Кыргызстан дагы бул жолду карап көрүүсү керектигин кошумчалады.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>