Жогорку Кеңеште “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар М.Сарбагышев, Б.Чойбеков.
Мыйзам долбоору менен «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынан райондук кеңештер жөнүндө нормаларды алып салуу сунушталууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз