Парламентте эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Ализа Солтонбекованын талапкерлиги каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-ноябрда саат 10:00гө Жогорку Кеңештин жыйыны белгиленген. Анда Солтонбекованын талапкерлиги биринчи маселелерден болуп каралат.
Анын талапкерлиги премьер-министр тарабынан сунушталган.
Ализа Солтонбекова 2018-жылдан бери министрдин орун басары болуп иштеп келген.