Парламенттик шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү башталды

Бүгүн, 10-ноябрда, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. Бул тууралуу БШК билдирди.
Үгүт 20 күнгө гана созулат, тактап айтканда, 29-ноябрь саат 8:00гө чейин уланат. Шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүп жаткандыктан, жалпы шайлоо процессинин мөөнөтү үчтөн бирге кыскартылган.
Бүгүнтөн тарта талапкерлер, саясий партиялар жана башка кызыкдар жарандар шайлоочуларды белгилүү бир талапкерлер үчүн же аларга каршы добуш берүүгө үндөгөн ишмердүүлүктү жүргүзүүгө укуктуу.
Үгүттөө чогулуштарда, митингдерде, жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле интернет-басылмалары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
Белгилей кетсек, 8-ноябрда БШК депутаттыкка талапкерлерди каттоону аяктаган. Шайлоого катышууга 30 шайлоо округу боюнча жалпысынан 467 талапкер катталган. Алардын 276сы – эркек талапкерлер, ал эми 191и -аял талапкерлер.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо ушул жылдын 30-ноябрында, жекшемби күнү, өтөт.