Пайдасыз каракчылык: Кыргызстанда төрт киши инкассаторго кол салып, эч нерсе таба алышкан жок

Чүй облусунун милиция кызматкерлери тарабынан Москва районунда инкассаторго кол салды деп шектелген адамдар кармалышты.
Облустук милициядан билдиришкендей, Москва райондук ички иштер бөлүмүнө инкассатор болуп иштеген А.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ушул жылдын 18-октябрында саат 04:30 чамасында Петровка айылынын Ак-Суу бурулушунда, газ куюучу жайдын артында беткап кийген белгисиз адамдар бетине калемпир газын чачып, эки сумкасын тартып алып, качып кетишкенин билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси «Каракчылык» боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында милиция кызматкерлери шектүүлөрдү аныктап, 37 жаштагы С.Т., 38 жаштагы И.Н., 25 жаштагы У.М. жана 23 жаштагы Д.Ш. кармалган.
Кармалгандар убактылуу кармоо жайына киргизилген. Тергөө иштери уланууда.