Президент “Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам 30-апрелде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам курулуш субъекттеринен турак жайды коммерциялык банктардын катышуусуз түздөн-түз сатып алуу үчүн топтолмо пенсиялык фонддогу жеке каражаттарды пайдалануу тартибин жөнөкөйлөштүрүүнү карайт.
Башкача айтканда, камсыздандырылган адамдар курулуп жаткан же курулган турак жайды келишимдик негизде сатып алууда пенсиялык топтоо фондунан пенсиялык төлөмдөрдү баштапкы жана кошумча төгүм катары банктын кепилдигисиз пайдалана алышат.