Президент Сооронбай Жээнбеков жаңы өкмөттүн мүчөлөрүн дайындоо жарлыгына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.
КубатбекБоронов премьер-министр, Алмазбек Баатырбеков биринчи вице-премьер-министр, Таалайбек Темиралиев өкмөттүн аппарат жетекчиси, Алтынбек Исамилов Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.