Президент ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга акча бөлдү — тизме

Президент ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга акча бөлдү — тизме

Президенти Сооронбай Жээнбеков ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга реабилитациялык жана социалдык адаптация боюнча жардам берген коомдук уюмдарга финансылык колдоо көрсөтүү үчүн 2  миллион 300 000 миң сом бөлүп берди. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Мындай чечим ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын инсандык сапаттарын өркүндөтүү жана инклюзивдик билим берүүнү илгерилетүүнүн алкагында реабилитациялык жана социалдык адаптациялоо боюнча иштерди жана демилгелерди колдоо максатында кабыл алынган.

Буйрукка ылайык, республиканын бардык региондорундагы 23 коомдук мекемеге ар бирине 100 000 сомдон каражат бөлүндү. 

Кайсы коомдук уюмдарга каржат бөлүнгөнүн билүү үчүн төмөнкү + белгисин басыңыз.

[su_spoiler]1) «АРДИ» майып балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмеси;
2) «Үмүт-Надежда» балдардын реабилитациялык борбору коомдук бирикмеси;
3) «Оберег» Реабилитациялык борбору» коомдук бирикмеси;
4) «Развитие» угуу-сүйлөө борбору» коомдук уюму;
5) «АПЛИФТ» коомдук фонду;
6) «Ардак Ордо» коомдук кайрымдуулук фонду;
7) «Асыл-ай» мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын коомдук уюму;
8) «Алый апа» коомдук бирикмеси;
9) «Айназир» коомдук бирикмеси;
10) «Бекнур» майып балдардын ата-энелеринин коомдук уюму;
11) «Бекен» коомдук бирикмеси;
12) «Колдоо» балдардын реабилитациялык борбору;
13) «Нур» балдардын реабилитациялык борбору;
14) «Кол — сунам» коомдук бирикмеси;
15) «Луч солнца» коомдук фонду;
16) «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фонду;
17) «Рука в руке» коомдук бирикмеси;
18) «Смайл KG» коомдук фонду;
19) «Майып балдардын жалгыз бой энелеринин «Эне эмгеги» коомдук кайрымдуулук фонду;
20) «Явна» балдардын кайрымдуулук фонду;
21) «Цефей» коомдук бирикмеси;
22) «Интеграция» ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо коомдук фонду;
23) «Тоо-булбулу» ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын күндүзгү реабилитациялык борбору.[/su_spoiler]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>