Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда «Мурас» достук мелдеши 14-15-декабрда өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол бирикмесинен билдиришти.
«Газпром» спорт комплексинде («Арча-Бешик») жана Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүүчү спорттук иш-чарага 16 команда катышат.
Турнирге төмөнкү комндалар катышат:
- Президенттин командасы
- Маданият өкүлдөрү – «Өнөр»
- Белгилүү ишкерлер — «Бизнес»
- Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү – «Журналисттер»
- Футбол ардагерлери – «Алга»
- Спорт федерацияларынын жетекчилери — «Спорттук федерациялар»
- Жогорку Кеңештин депутаттары — «Жогорку Кеңеш»
- Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери — «Аймактар»
- Дин өкүлдөрү – «Ыйман»
- Кыргызстандагы чет мамлекеттердин элчилери – «Элчилер»
- Ооруканалардын башкы дарыгерлери — «Ден соолук»
- Окуу жайлардын директорлору, ЖОЖдордун ректорлору — «Билим»
- Сот бийлигинин өкүлдөрү – «Фемида»
- Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери — «Коопсуздук»
- Белгилүү спортчулар — «Спорт жылдыздары»
- Кыргыз Республикасынын элдеринин ассамблеясы, диаспора лидерлери – «Достук»
Оюндардын жадыбалы:
Биздин Телеграм каналга катталыңыз