Садыр Жапаров иш сапары менен Нью-Йорк шаарына барды

22-сентябрда өлкө башчы Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-юбилейлик сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн АКШнын Нью-Йорк шаарына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Садыр Жапаровду Джон Кеннеди атындагы эл аралык аэропортто АКШ президентинин глобалдык өнөктөштүк маселелери боюнча атайын өкүлү Паоло Замполли жана башка расмий адамдар тосуп алышкан.
Эскерте кетсек, 23-сентябрда Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.
Мамлекет башчысы ошондой эле БУУнун Коопсуздук кеңешинин “Жасалма интеллект: эл аралык коопсуздук жана тынчтык” темасындагы ачык дебаттарына жана Климаттын өзгөрүшү боюнча жогорку деңгээлдеги атайын иш-чарага катышат.
Мындан тышкары БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар, анын ичинде БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуу өтөт.