Президент шайлоо босогосун 7%га түшүрүү тууралуу мыйзамга кол койду

Президент шайлоо босогосун 7%га түшүрүү тууралуу мыйзамга кол койду

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү тууралуу конституциялык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 18-июнунда кабыл алынган. Анда саясий партиялардын парламентке өтүүсү үчүн шайлоо босогосун 9 пайыздан 7 пайызга түшүрүүгө багытталган.

Шайлоо чеги тууралуу жалпысынан эки мыйзам долбоору сунушталган. Парламентке өтүүнүн босого чегин тогуздан беш пайызга түшүрүп, шайлоо күрөөсүн бир миллион сомго азайтуу боюнча мыйзам долбоору депутаттардын колдоосуна ээ болбой калган.

Жээнбеков шайлоо босогосун тогуз пайыз кылууга саясий күчтөр даяр эмес экенин 20-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөп жатып айткан.

Конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>