30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлүп, ар биринен 3төн депутат шайланат. Шайлоо тууралуу мыйзамга кол коюлду

30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлүп, ар биринен 3төн депутат шайланат. Шайлоо тууралуу мыйзамга кол коюлду

Садыр Жапаров президентти жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлөт, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты шайланат.

Ошондой эле шайлоо өткөрүүдө аралыктан, электрондук добуш берүү колдонулушу мүмкүн. Аралыктан, электрондук добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө чечим шайлоо дайындалганда кабыл алынат.

«Көп мандаттуу аймактык шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык. Бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында тиешелүү шайлоо округдарынан чыгып кеткендердин ордуна көп мандаттуу аймактык шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөрүлбөйт»,- деп айтылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>