Президенттин Аппараты 2019-жылдын 12 айы ичинде жалпы жарандардын 15 миң 305 кайрылуулары менен иш жүргүзүлдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынан маалымдашты.
12 ай ичинде келип түшкөн кайрылуулардын жалпы саны өткөн жылга салыштырмалуу 14,1%га, ал эми жазуу жүзүндөгү кайрылуулардын саны 21,7%га азайган.
2019-жылдын 12 айында келип түшкөн жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулардын ичинен эң көп кайрылуу Бишкек шаарынын тургундарынан келип түштү — 4 394 кайрылуу, андан кийин Чүй облусунан — 1865, Жалал-Абад облусунан — 1 385, Ысык-Көл облусунан — 850, Ош облусунан — 787, Ош шаарынан — 548, Нарын облусунан — 463, Баткен облусунан — 550, Талас облусунан — 217 КМШ жана башка өлкөлөрдөн 290 кайрылуу келип түшкөн.
Ошондой эле, бардык келип түшкөн 11 349 кайрылуулардын 1 584түн же 13,95%ын электрондук кайрылуулар түзгөн.
Талдоо көрсөткөндөй, келип түшкөн кайрылуулардын көпчүлүгү сот жана укук коргоо органдарынын ишине байланыштуу болду жана 4 826 кайрылууну же 42,5%ды түздү, алардын ичинде:
— прокуратура органдарына тийиштүү маселелер боюнча — 1 982;
— сот органдарына байланыштуу маселелер боюнча — 1 810;
— ички иштер органдарына тийиштүү маселелер боюнча — 789;
— финансы полициясына тийиштүү маселелер боюнча — 117;
— улуттук коопсуздук органдарына тийиштүү маселелер боюнча — 86;
— жаза аткаруу кызматына байланыштуу маселелер боюнча — 42.