Президенттик шайлоо. Добуш берүү аяктады

Президенттик шайлоо. Добуш берүү аяктады

Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум үчүн добуш берүү аяктады. Өлкө ичиндеги 2474 шайлоо тилкеси эртең мененки саат 08.00дө ачылган. Добуш берүү кечки саат 20.00гө чейин жүрдү.

Чет өлкөлөрдө 48 шайлоо участкасы ачылган. АКШнын борборундагы шайлоо тилкесинде добуш берүү таңга чейин уланат.

Добуш берүүгө жалпы 3 млн 563 миң 574 шайлоочу укук алган.

БШК кечки саат 18.00гө карата шайлоого жана референдумга катышкандардын саны 33 пайызды түзгөнүн кабарлады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>