Нурбек Сатаров президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.
Нурбек Сатаров 41 жашта. Ал 2020-жылы Ат-Башы районунун, 2021-жылы Ала-Бука районунун акими болуп иштеген. 2022-жылы Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри кызматына дайындалган.
Ал эми 2023-жылдын октябрынан 2024-жылдын мартына чейин президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп иштеген.