Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Пригородный айыл өкмөтүнүн имаратында 15тей аял өздөрүн өрттөгөнү жатат. Бул тууралуу күбөлөр социалдык тармакка жазып чыкты.
Билдирүүгө таянсак, аялдар үч жыл мурун коммерциялык банктардан насыя алышкан, бирок насыяларын убагында төлөй алышкан эмес. Акциянын бардык катышуучулары жалгыз бой энелер жана үйлөрүн алдырып коюу коркунучу жаралган. Мындан улам үч жылдан бери топтолгон пайыздык карыздарды жоюуну талап кылышууда.
Алар учурда айыл өкмөттүн имараттын ичине кирип, бөтөлкөлөргө куюлган бензиндер менен өздөрүн өрттөй турганын билдирүүдө.