Профсоюздар федерациясын төрагасы белгисиз жигиттер менен мушташып, милицияга жеткирилди

Профсоюздар федерациясын төрагасы белгисиз жигиттер менен мушташып, милицияга жеткирилди

Профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакунов менен белгисиз жигиттер мушташып, алар Биринчи Май райондук милициясына жеткирилди. Маалыматты райондук милициянын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, муштан бүгүн, 12-мартта Профсоюздар үйүндө болгон.

Өздөрүн “жеке күзөт кызматтын кызматкерлерибиз” деп атаган белгисиз жигиттер Асанакуновду иш бөлмөсүнө киргизбей коюшкан. Окуя болгон жерге милиция барганда, өздөрүн күзөтчүбүз дегендер тартип сакчыларын да иш бөлмөгө киргизишкен эмес. Мындан улам жаңжалдын бардык  катышуучулары райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Белгилей кетсек, 25-февралда Профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакуновдун кызматтан кетүүсүн талап кылып 200 адам акцияга чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>