Site icon Reporter.kg

Прокурордун жардамчысын өлтүргөн адам кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети адам өлтүрүү боюнча эл аралык издөөдө жүргөн Орусиянын жаранын кармады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.

1997-жылы туулган Л.М.Ю.  Москва шаарындагы Бутырск райондук прокурорунун жардамчысын өлтүрдү делип, изделип келген.

Учурда ал ИИМдин Криминалдык милициясына өткөрүлүп берилген.  Мамлекеттер аралык келишимге ылайык шектүү Орусияга экстрадицияланат.

Exit mobile version