Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети адам өлтүрүү боюнча эл аралык издөөдө жүргөн Орусиянын жаранын кармады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.
1997-жылы туулган Л.М.Ю. Москва шаарындагы Бутырск райондук прокурорунун жардамчысын өлтүрдү делип, изделип келген.
Учурда ал ИИМдин Криминалдык милициясына өткөрүлүп берилген. Мамлекеттер аралык келишимге ылайык шектүү Орусияга экстрадицияланат.