Мамлекеттик бажы кызматынын (МБК) учурдагы төрагасы Алтынбек Торутаевдин аталган кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары Раим Матраимов менен бирге түшкөн сүрөтү боюнча МБКнын басма сөз кызматы түшүндүрмө берди.
«Бул сүрөт 2015-жылы бажы кызматкери өткөргөн иш-чарада Ошто тартылган. Ал учурда Раим Матраимов Ош бажысынын жетекчиси жана 1997-жылдан 2017-жылга чейин бир катар кызматтарды аркалаган.
Айтылып жаткан сүрөттө 1995-жылдан 2017-жылга чейин бажы тармагында иштеген Марифов Шарабидин Жолборсхановичтин да сүрөтү бар. Ал 2017-жылы жол кырсыгынан каза болгон”, — деп жазылат маалыматта.
Бул сүрөт интернетке жарыялангандан кийин жергиликтүү басылмалар, Мамлекеттик бажы кызматынын учурдагы төрагасы Раим Матраимов менен сүрөткө түштү деп жазып чыгышкан.