Шайлоодон кийинки толкундоолор учурунда абактан чыккан саясатчы Равшан Жээнбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылды. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.
“Саат 10:00дө УКМКга күбө катары суракка барам. Балким, бул жолу дагы массалык баш аламандык фактысынын “уюштуруучусу” болуп калам”, – деген ал.
Белгилей кестек, 6-октябрга караган түнү “Ала-Тоо” аянтында болгон башаламдыктан кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган бир нече саясатчы абактан чыгарылган.
10-октябрь күнү УКМК менен ИИМдин биргелешип өткөргөн операциясынан кийин Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Канат Сагынбаев, Дамир Мусакеев кармалган.
Башкы прокуратура 10-октябрь күнү билдирүү таратып, абактан чыгып кеткендердин баарын өз ыктыяры менен кайра абакка кайтууну талап кылды.