Site icon Reporter.kg

Рейтингдик мелдеш: Махмудов менен Шаршенбеков финалда (видео)

Грек-рим күрөшү боюнча балбандар Акжол Махмудов (77 кг) менен Жоламан Шаршенбеков (60 кг) Болгариянын София шаарында өтүп жаткан Dan Kolov-Nikola Petrov мелдешинин финалына чыгышты.

Эки балбан тең бүгүн, 4-мартта килем үстүнө чыгып, беттешти квалификациялык баскычтан баштаган.

Махмудов биринчи беттешинде норвегиялык Жоан Аакты 6:1 эсебинде утту. Андан кийин 1/8 финалда грециялык балбан менен күрөшүп, аны 9:0 эсебинде жеңип алды. Ал эми, чейрек финалда польшалык балбандан күчтүү чыкты (10:0).

Жарым финалда Акжол Махмудов норвегиялык балбан менен күрөштү. Кармаштын биринчи бөлүгүндө Махмудов 2:0 эсебинде алдыда келе жатканда, күрөш учурунда, атаандашы жаракат алып, беттешти уланта алган жок. Ага байланыштуу жеңиш Махмудовго ыйгарылды.

Ал эми, Жоламан Шаршенбеков биринчи кармашында болгариялык балбан менен күрөшүп, аны бир мүнөткө жеткирбей 9:0 эсебинде жеңип алды.

Чейрек финалда Шаршенбеков америкалык балбанды 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди. Жарым финалдагы кармашта атаандашы ирандык балбан болуп, аны 10:2 эсебинде утту.

Финалдык беттештер эртең, 5-мартта болуп өтөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version