Site icon Reporter.kg

Рейтингдик мелдеш: Махмудов менен Шаршенбеков кимдер менен күрөшөт?

Бүгүн, 4-мартта грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык үч балбан София шаарында (Болгария) өтүп турган Dan Kolov-Nikola Petrov эл аралык рейтингдик мелдешинде таймашка чыгат.

Мелдештин үчүнчү күнүндө Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Амантур Исмаилов (67 кг) менен Акжол Махмудов (77 кг) күчүн сынайт. Алгачкы беттештер Бишкек убактысы боюнча 14:30да башталат.

Жоламан Шаршенбеков таймашты квалификациялык раунддан баштап, анын биринчи атаандашы болгариялык Н. Петров болот.

Ал эми, Амантур Исмаилов үчүн күрөш 1/8 финалдан башталат. Ал япониялык С. Нагано жана норвегиялык Хаавард Йоргенсендин беттешинде жеңген балбан менен күч сынашат.

Махмудов кармаштарды квалификациялык раунддан баштап, норвегиялык Жоан Аак менен күрөшөт.

Эскерте кетсек, 3-мартта аталган мелдештин алкагында Үзүр Жусупбеков (97 кг) килем үстүнө чыккан. Ал күрөштү 1/8 финалдан баштап, биринчи беттешин уткан. Бирок чейрек финалда атаандашына утулуп, байгесиз калды.

Dan Kolov-Nikola Petrov мелдеши 2-мартта башталган, 5-мартта жыйынтыкталат.

Кыргызстандык төрт балбан Болгариядагы мелдешке катышат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version