“Росатом” Кыргызстандын энергетикасына кайра жаралуучу аддетивдик технологияны киргизет

30.01.2026 | 18:23

Металлдык 3D-басып чыгаруу гидрогенерация үчүн жабдууларды өндүрүүнү локалдаштырууга мүмкүндүк берет. 30-январда, Бишкекте, (Кыргыз Республикасы), “Росатомдун” отун дивизиону (“Аддетивдик технология” бизнес багыты тарабынан), Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети (КРСУ), о.э “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү жана «Бока Гидро КГ» инженердик компаниясы республиканын кайра жаралуучу энергетика тармагында аддетивдик өндүрүш технологияларын ишке ашыруу боюнча кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту. 

Кеп үч баскычтуу басып чыгаруу технологиясын колдонуу менен жаңы жана бар болгон гидроэнергетикалык объектилер үчүн жабдууларды өндүрүү тууралуу макулдашуу жөнүндө болуп жатат. Кызматташтык ар түрдүү форматта, биргелешкен долбоорго чейинки жана долбоордун документин даярдоодон баштап, кызыкдар буйрутма берүүчүлөргө жабдууларды жана алардын тетиктерин жеткирип берүүгө чейин ишке ашырат. 

«“Росатом”-жогорку технологиялуу принтерлерди, металл порошокторун сериялык өндүрүүдөн баштап, персоналды окутууга жана сервистик тейлөөгө чейинки аддетивдик технологиянын циклинин баарын камтыган уникалдуу компетенцияга ээ. Биз аларды Кыргыз Республикасынын энергетика тармагында колдонуунун олуттуу потенциалын көрүп жатабыз жана бул көп тараптуу өнөктөштүктүн алкагындагы тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө даярбыз. Бизде аддетивдик технолгия борборлорунун кеңири аймактык тармагы өнүктүрүлүүдө, бул жааттагы эл аралык кызматташтыкта ​​жана ал тургай аддетивдик өндүрүштү чет өлкөдө локалдаштырууда тажрыйбабыз топтолгон», – деп белгиледи “Росатомдун” Отун дивизионунун “Аддитивдик технологиялар” бизнес-багытынын директору Илья Кавелашвили.

Мындан тышкары, КРСУнун кампусунда гидроэнергетика боюнча долбоордун кеңсесинин ачылышы күндүн негизги окуясы болуп калды. “Росатомдун” катышуусу менен уюштурулган кеңсе биринчи этапта чакан жана орто ГЭС (гидроэлектростанциялар) үчүн техникалык-экономикалык негиздемелерди жана долбоордук документтерди иштеп чыгууга багытталат. Кеңсе жөн гана билим берүү бөлүмү катары эмес, “Росатомдун” тажрыйбасын, КРСУнун илимий потенциалын жана «Бока Гидро КГ» компаниясынын технологиялык тажрыйбасын айкалыштырган интеллектуалдык борбор жана эл аралык моделдик платформа катары каралган.

«КРСУнун базасындагы долбоордук кеңсе Кыргыз Республикасынын инженердик элитасын окутуу үчүн шарттарды түзөт. Биз жөн гана студенттерди окутпайбыз, биз аларга азыркы учурда дүйнөнү өзгөртүп жаткан технологиялардын практикасын колдонууга мүмкүндүк беребиз. Бул идеялардын тез эле өндүрүшкө өтүшүн камсыздайт жана республиканын технологиялык эгемендүүлүгүнө кепилдик берет», – деп белгиледи КРСУнун ректору Сергей Волков.

Маалымат үчүн:

Росатом мамлекеттик корпорациясынын (башкаруу компаниясы –«ТВЭЛ» АК) отун дивизионуна – ядролук отун өндүрүү, уранды конверсиялоо жана байытуу, газдык центрифуганы өндүрүү боюнча ишканалар, ошондой эле илимий изилдөө жана долбоорлоо уюмдары кирет. Ал ядролук отун менен Россиянын АЭС үчүн жалгыз камсыздоочусу болуп саналат, ТВЭЛ жалпысынан 15 өлкөнү 70тен ашык энергетикалык реактор менен камсыздайт, тогуз өлкөдөгү изилдөө реакторлоруна жана Россиянын атомдук флоту үчүн кыймылдаткыч реакторлорго отун жеткирип турат. Дүйнө жүзү боюнча ар бир алтынчы энергетикалык реактор «ТВЭЛ»  отуну менен иштейт. Отун дивизиону дүйнөдөгү эң ири байытылган уран өндүрүүчүсү жана дүйнөлүк туруктуу изотоптор рыногунда лидер болуп саналат. Дивизиондо химия, металлургия, энергияны сактоо технологиялары, 3D басып чыгаруу, санариптик продуктылар жана о.э ядролук объектилерди эксплуатациядан чыгаруу тармагында жаңы бизнестерди активдүү өнүктүрүп жатат. Контурда “Росатомдун” аддитивдик технология жана  энергия сактоо системалары боюнча тармактык  интеграторлору түзүлгөн. www.tvel.ru

 «Аддитивдик технологиялар» бизнес-багыты («Росатом» мамлекеттик корпорациясынын Отун дивизионунун курамында) 3D-принтерлерди, басып чыгаруу үчүн комплекттөөчү бөлүктөрдү жана материалдарды иштеп чыгуудан тартып, программалык камсыздоону, сервистик колдоону жана персоналды окутууну камтыган комплекстүү чечимдерди сунуштайт. Мындан тышкары, 3D-басып чыгаруу боюнча кызматтарын көрсөтөт жана буйрутма берүүчүнүн ишканасында аддитивдик технологиялар борборлорун «ачкычка чейинки» негизинде түзүп берет. “Росатом” аддетивдик өндүрүштун жалпы циклын бириктирет жана стратегиялык тармактардагы россиялык өндүрүш компанияларына аддетивдик технологияны жайылтуу үчүн инновациялык жана ишенимдүү жабдууларды, материалдарды жана кесипкөй кызматтарды көрсөтөт. Компания аддитивдик технологияларды киргизүү боюнча комплекстүү сунушту берет: металлдар, пластиктер жана кум менен үч түрдүү технология боюнча 3D-басып чыгаруу, ошондой эле буюмдарды 3D-сканерлөө, илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди (НИОКР) жүргүзүү, ишканаларда технологиялык аудит өткөрүү. Бул иштер аддитивдик технологияларды киргизүүнүн эң оптималдуу багытын ар бир ишкана үчүн өзүнчө аныктоого багытталган. https://rusat.tvel.ru/ 

Аддитивдик технологиялар салттуу ыкмалар – куюу жана механикалык иштетүү аркылуу жасоого татаал болгон тетиктерди жана комплекттерди өндүрүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, үч өлчөмдүү басып чыгаруу буюмдардын салмагын азайтууга, колдонулган материалдарды оптималдаштырууга жана өндүрүш мөөнөтүн олуттуу кыскартууга шарт түзөт. Заманбап 3D-принтерлер басып чыгаруунун параметрлерин оңой кайра жөндөп, ар кандай багыттагы же өлчөмдөгү, бир даана же массалык өндүрүш үчүн изделген продукцияларды чыгарууга мүмкүнчүлүк берет. 3D-басмасынын продукциялары ядролук жана космостук технологиялардан тартып медицинага чейин ар кыл тармактарда колдонулат.

Электроэнергетика аддитивдик технологияларды колдонууда,  эң башкысы жабдууларды тейлөө жана оңдоо боюнча негизги рыноктын бири болуп эсептелет. 3D-басма энергетиктерге керектүү тетиктерди жана запастык бөлүктөрдү кыйла тез жана арзан алууга жардам берет. Ошондой эле аддитивдик технологиялар – заводдор үчүн салттуу өнөр жай ыкмалары менен экономикалык жактан пайдасыз болгон бир дааналык же чакан сериялык өндүрүштү уюштурууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Ошону менен бирге технологиялардын ыкчам өнүгүшү 3D-басманы запастык бөлүктөрдү чыгаруу менен гана чектебестен, көптөгөн тармактарда оригиналдуу жабдуулардын негизги компоненттерин жана түйүндөрүн өндүрүүдө да кеңири колдонууга жол ачууда. Жалпысынан алганда, практика көрсөткөндөй, өнөр жайда 3D-басманы колдонуу чыгымдарды орточо эсеп менен 8 эсеге азайтып, материалдардын сарпталышын 10 эсеге чейин кыскартат, жабдууларды оңдоодо электр энергиясына кеткен чыгымды 75%га төмөндөтөт жана дээрлик калдыгы жок өндүрүштү камсыз кылат.

«Росатомдун» инновациялык технологиялары россиялык атом илиминин алдыңкы жетишкендиктерине негизделип, ESG-күн тартибинин актуалдуу талаптарына толук жооп берет. Жетишилген натыйжалар – бул миңдеген жогорку квалификациялуу адистердин эмгегинин, ошондой эле өнөр жай ишканалары менен илимий-изилдөө институттарынын так жана тыгыз өз ара аракеттенүүсүнүн жыйынтыгы болуп саналат.

Scroll to Top