«Россия инвестициялык банкы» («Росинбанк») «Керемет банк» деген аталыш менен Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өттү. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланды.
Анда “Керемет Банк” деген аталыш 3-октябрда аталган банк тарабынан берилген өтүнүч катынын негизинде алмаштырылганы жазылат.
Банктын расмий сайтындагы маалыматка карганда, банктын акцияларынын 95 пайыздан ашыгы Улуттук банкка тиешелүү. Калганына акционерлер ээлик кылат.