Акрам Мадумаров Ташкентте өзбек өкмөт башчысы менен жолукту

Акрам Мадумаров Ташкентте өзбек өкмөт башчысы менен жолукту

26-августта Кыргызстандын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Ташкенттеги жумушчу сапарында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Алар эки өлкө кызматташтыгын, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын ишин талкуулашты. Мындан сырткары соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана чек арадагы кызматташтык маселелери кеп болду.

Өзбек өкмөт башчысы Абдулла Арипов эки өлкө башчыларынын саясий эрки менен эки тараптуу кызматташуу өнүгүп жатканын белгиледи.

2020-жылы 31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан катуу чыр чыккан. Эки тараптан ондогон кишилер жабыркаганы кабарланган. Аймактагы соңку жагдайды 1-июнда эки өлкөнүн президенттери телефондон талкуулаган.

Кыргызстан менен Өзбекстан 1379 чакырымдай чектешет, анын ичинен 5% жакыны такталбай турат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>