Бейтааныш адамынан ири суммада каражат алган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бейтааныш адамынан ири суммада каражат алган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган жана материалдык зыян келтирген шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, февралда борбор калаанын тургуну мыйзамсыз иш-аракеттердин фактылары боюнча чара көрүү өтүнүчү менен ички иштер органдарына кайрылган. 2019-жылдын аягында бейтааныш адам өзүн ийгиликтүү ишкер катары тааныштырып, алдоо жолу менен ишенимге кирип ири суммадагы акча каражатын ээлеп алып изин жашырып кеткен.

Кылмышка шектүү адам криминалдык чөйрө менен тыгыз байланышта болгондуктан ИИМдин 3-башкармалыгынын (УККБ) ыкчам кызматкерлери бул ишти колго алышкан. Тергөө буйругунун негизинде жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында февралдын аягында Бишкек шаарынын тургуну, 1979-жылы туулган жаран А.К. кармалган.

Кармалган адам соттун чечими менен эки айга камакка алынып, алынган маалыматтарга караганда ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турары кабарланат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>