Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова кызматтан кетти

Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова кызматтан кетти

Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Татьяна Кузнецова кызматтан кетти. Анын ордуна Виктория Мозгачева дайындалганын мэриядан кабарлашты.

Татьяна Кузнецова бул кызматка 2019-жылдын февраль айында келген. Ал 2000-жылдан бери Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгында иштеген. Ошондой эле Октябрь райондук акимиатында жетекчинин орун басары болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>