Дастан Бекешев: Ички иштер министринин кызмат ордун карап чыгуу керек

Дастан Бекешев: Ички иштер министринин кызмат ордун карап чыгуу керек

Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анда депутат Дастан Бекешев ички иштер министринин кызмат ордун карап чыгууну сунуштады.

Эл өкүлү ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын иши боюнча ИИМ өз убагында чара көрбөгөнүн айтып, бүгүнкү жыйынга аларды чакырууну жана күн тартибине бул маселени киргизүүнү сунуштады.

Белгилей кетсек, 5-апрелде Бишкектин көчөлөрүндө 3 адам 1994-жылы туулган Айзада Канатбекованы унаасына салып, белгисиз тарапка кетишкен.

Кечээ, 7-апрелде Айзада Канатбекова жана аны алып качкан жигиттин жансыз денелери унаадан табылган.

Бишкек шаардык милициянын башкы башкармалыгы ала качууга шектелгендердин бирин кечээ кечинде кармашкан. Шектүү 1992-жылы туулган Р.А. аттуу жаран болгон, ал учурда Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайында.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>