Эстен кеткис майрам. «Альянс Алтын» Таластагы бөбөктөрдү Балдарды коргоо күнү менен куттуктады

Эстен кеткис майрам. «Альянс Алтын» Таластагы бөбөктөрдү Балдарды коргоо күнү менен куттуктады

Бүгүн «Альянс Алтын» ЖЧКсы жана «Бакубат Талас» фонду Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чараларды өткөрүштү.

Компаниянын жана фонддун демилгеси менен Талас облусундагы ар кандай реабилитациялык борборлордогу 2 жаштан 15 жашка чейинки 200 балага белектер — баштыкчалары жана таттуулары менен берилди.

Майрам Бекмолдо айылдык кеңешинде да болду. Балдарга аянтча жана аниматорлор катышкан шоу программа уюштурулуп, аларга балмуздак таратылды.

«1-июнь — жылдын эң жаркын күндөрүнүн бири. Биз өсүп келе жаткан жаш муундарды позитивдүү энергия менен кубантууну кааладык. Алардын ден-соолугу чың болуп, билимге умтулушу маанилүү», — деп билдиришти компаниядан жана фонддон.

Реабилитациялык борборлордун жетекчилери компанияга жана фондго унутулгус майрам уюштургандыгы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. Балдар алган белектерине абдан кубанып, ыраазы болушту.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>