Исаков: ЖЭБдеги аварияда Жээнбековду коргоп жоопкерчиликти алгам

Исаков: ЖЭБдеги аварияда Жээнбековду коргоп жоопкерчиликти алгам

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодо коррупциялык иштерди жасаган деп айыпталып 15 жылга соттолгон, учурда кайда жүргөнү белгисиз Сапар Исаков аталган иш тууралуу социалдык тармак аркылуу кайрылуу жасады.

Ал 2-март күнү Жогорку Сотто ЖЭБ боюнча соттук отурум болорун, анын акыйкат каралуусун чогуу талап кылууну коомчулуктан өтүнгөн.

Ал Бишкек ЖЭБдеги коррупциялык иштерге тиешеси жоктугун, ЖЭБде авария болгондо ошол учурдагы  президентти коргоп жоопкерчиликти моюнуна алгандыгын жазган.

“Биринчи менин катам, Сооронбай Жээнбековду коргоп ошол учурда ЖЭБде авария болгондо жоопкерчиликти өзүмдүн мойнума алганым. Экинчи себеби Сооронбай Жээнбековдун “Райымбек Матраимовду жумуштан алба”-деп суранганына карабай, кызматтан алганым. Мына ошондон кийин мен баштаган өкмөттү кызматтан алып, тандалма кылмыш иштери козголду. ЖЭБди реконструкциялоодо өкмөттү мен эмес, Сооронбай Жээнбеков жетектеген.

Келишим боюнча кол койгондордун баары, анын ичинде дароо үч окууда ратификация кылгандар жана тиешелүү көзөмөл кылбай эксплуатацияга кабыл алгандар дагы суралсын”, — деп жазган Исаков.

Ошондой эле ЖЭБ иши объективдүү каралбаганын, саясий боёк менен айыпталуучулардын тизмеси түзүлгөнүн айткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>