Калиева: Тартип комиссиясынын мен тууралуу чечими мыйзамсыз

Калиева: Тартип комиссиясынын мен тууралуу чечими мыйзамсыз

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева аны кылмыш жообуна тартууга уруксат берген Тартип комиссиясынын чечими тууралуу үн катты.

Ал аталган чечимдин мыйзамсыз экендигин айтат.

“Мени кылмыш жообуна тартууга Тартип комиссиясынын уруксат берүүсү мыйзамсыз. Себеби отурум менсиз өткөрүлдү, мен ооруп жатканым тууралуу маалымкат берип, менсиз отурум өткөзбөө өтүнүчүн келтирген элем. Бирок ага карабай менсиз өттү.

Ошондой эле, шашылыш чечим чыгарышканы да түшүнүксүз, анткени мыйзам боюнча төрт айлык мөөнөт каралган. Мындай аракеттер мыйзамга каршы келет”, — дейт Калиева.

Белгилей кетсек, 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөрүп, анда Жогорку сотто «Жергиликтүү сот» системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын жана ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин айтып, эгер соттор боюнча тартип комиссиясы макулдугун берсе ал камакка алынарын айткан.

Кийин 28-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы Гүлбара Калиеваны иши боюнча толук далилдер бар экенин билдирген.

Бирок көп өтпөй бул тууралуу Жогорку Сот УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин айыптоолору орунсуз деп маалымат тараткан.

Ал эми Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жообуна тартууга макулдугун сурап Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына кайрылган. Бүгүн, 4-мартта Тартип комиссиясы аталган ишти Гүлбара Калиеванын катышуусуз карап, башкы прокурордун өтүнүчүн канаатандырды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>