Кыргызстан Карабахтагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирди

Кыргызстан Карабахтагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Азербайжан менен Армениянын ортосундагы чыңалууга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда аталган министрликтен билдиришти. 

Маалыматта Кыргызстан тараптарды сабырдуулукка чакыра турганы, чатактын аймактык бүтүндүк жана эгемендик принциптеринин сакталышы менен тынчтыкта чечилишин колдой турганы айтылат.

Кыргызстан талашты чечүү үчүн конструктивдүү сунуштардын иштелип чыгышын кубаттайт. Ошондой эле  1994-жылы кол коюлган Бишкек протоколуна байланыштуу тарыхый тажрыйбага таянып эки тарапка тең жардам берүүгө даяр экени кошумчаланган.

Белгилей кетсек, Азербайжан жана Армения чектешкен аймакта 27-сентябрдан тартып кырдаал курчуп жатат. Эки өлкө тең аскердик абал жарыялаган. Тоолуу Карабак администрациясы 86 жоокеринин өлгөнүн билдирди. Карапайым кишилердин арасында да каза болгондор бар. Азербайжан өз армиясындагы жоготуулар жөнүндө маалымат бере элек.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>