Айзаданын өлүмү. Кызды ала качкандардын бири кармалды

Айзаданын өлүмү. Кызды ала качкандардын бири кармалды

Бишкек шаарынын криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кызды уурдоого шектүүлөрдүн бири кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, тергөө иш-аракеттеринин жана издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын МЧКнын опер кызматкерлери тарабынан борбордун аймагында 1994-жылы туулган Айзада К.ны уурдап кетүүгө шериктештердин бири аныкталды. Ыкчам маалыматты жүргүзүү учурунда кылмышка шектүү 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, тергөө кызматына жеткирилген, ал жерден Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын Башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ошондой эле, криминалдык милициянын ыкчам кызматкерлери тарабынан уурдап кетүүгө шектелген калган эки шериктештин толук маалыматтары аныкталды.

Учурда эки шектүүнү камакка алуу иштерин улантууда.

  • 5-апрелде Бишкекте бир топ жигит күч колдонуп Айзаданы машинасына салып, белгисиз тарапка алып кетишкен.
  • 7-апрелде койчу Аламүдүн районунун талаасында унаанын ичинен эркек кишинин жана аялдын (Айзады) жансыз денесин тапкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>