Ленин чокусунда жоголгон альпинистке таандык сумка жана визитка табылды

Ленин чокусунда жоголгон альпинистке таандык сумка жана визитка табылды

Чоң-Алай районунун Ленин чокусунда жоголгон орусиялык альпинистке таандык сумка жана визитка табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин басма сөз кызматы билдиргендей буюмдар 30-июль күнү саат 17:30 чамасында 6300 метр бийиктиктен табылган.

30-июль күнү издөө иштерине ӨКМден жалпы 22 куткаруучу, “Сай Трэвел” туристик компаниясынын 6 куткаруучу жана бир тик учак тартылган.

Белгилей кетсек, орусиялык алпинист 27-июлдан бери изделүүдө.  Ал акыркы жолу Ленин чокусунан түшүп баратып, 5000 метр бийиктикке келгенде баланышка чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>