Мамытканов Ошто укук коргоо жана күч органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү

Мамытканов Ошто укук коргоо жана күч органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү

Вице-премьер-министринин м.а. Максат Мамытканов Ош облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө укук коргоо жана күч органдарынын жетекчилери менен коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, кеңешмеде өлкөдөгү коомдук-саясий абалдын актуалдуу маселелери каралган.

Анда Мамытканов 10-январда президенттик шайлоо жогорку уюшкандык деңгээлде өткөнүн айткан.

«Өкмөт таза жана акыйкат шайлоо өткөрүү боюнча элге берген убадасын аткарды. Өлкөдөгү абал турукташты, эми бардык көңүлдү экономикага буруу зарыл. Республикадагы туруктуу коомдук-саясий абал социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестицияларды тартуу боюнча шарттарды түзүү жана ишкерликти өнүктүрүү үчүн чечүүчү мааниге ээ», — деди Максат Мамытканов. 

Жыйынтыгында күч органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>