Мирбек Кожоев Ысык-Көл облусунун жетекчиси болуп дайындалды

Мирбек Кожоев Ысык-Көл облусунун жетекчиси болуп дайындалды

Мирбек Кожоев министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Кожоев буга чейин КР президентинин аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысынын орун басары – мониторинг секторунун башчысы кызматын ээлеп келген.

Ал эми облустун мурдагы башчысы Элчибек Жантаев башка кызматка которулган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>