Окуучулар арасында Республикалык олимпиаданы өткөрүүгө өзгөртүүлөр киргизилет

Окуучулар арасында Республикалык олимпиаданы өткөрүүгө өзгөртүүлөр киргизилет

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу окуучулар арасындагы олимпиаданын өткөрүү мөөнөтү жылдырылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Билим берүү жана илим министрлиги 2020-2021-окуу жылында мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасын өткөрүү боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.

«Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу мектептердеги окуу процесси аралыктан жүргүзүлгөндүгүн, ошондой эле массалык иш-чараларды өткөрүүдө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары тарабынан коюлган чектөөлөрдү эске алып, министрлик кырдаал турукташканга чейин олимпиада өткөрүү мөөнөтүн жылдыруу жана окуучуларга олимпиадага даярданууга кошумча убакыт берүү чечими чыгарылган», — деп жазылат маалыматта.

Учурда министрлик Республикалык олимпиаданын II жана III этаптары үчүн бардык предметтер боюнча олимпиадалык тапшырмаларды иштеп чыгуучу көзкарандысыз уюмду тартуу үчүн тендер жарыялады.

«Тендер аяктагандан кийин Республикалык олимпиаданын II, III жана IV этаптарын өткөрүү мөөнөттөрү белгиленет. Олимпиада  2019-жылдын 11-ноябрындагы № 1310/1 буйругу менен бекитилген мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасы жөнүндө жобого ылайык өткөрүлөт, бирок өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга жараша  олимпиаданы өткөрүү форматына өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн», — деп белгиледи министрлик.

Белгилей кетсек, I (мектеп) баскычы ноябрь айында болуп өткөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>