Парламентте референдумду колдоп абактагы депутат да добуш берген – сүрөт

Парламентте референдумду колдоп абактагы депутат да добуш берген – сүрөт

Бүгүн, 3-мартта Конституциянын долбоорун жана референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоору парламентте талкууланды.

Бир нече сааттык кайым айтышуудан кийин 87 депутат колдоп, биринчи окуудан өткөрдү.

Бул долбоорго каршы болуп жаткан айрым депутаттар добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялашты.

Баарынан кызыгы, январь айында коррупцияга шектелип кармалып, абакта отурган депутат Дүйшөн Төрөкулов да аталган долбоорду колдоп добуш бергендердин тизмесинде жүрөт.

Буга байланыштуу интернет колдонуучулары “абактагы Дүйшөн Төрөкулов парламентке кантип келип добуш берди” деп собол салышууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>