ПРОЕКТ ЖӨНҮНДӨ

REPORTER.KG маалымат агенттиги Кыргызстандагы алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын бири. Биз коомдун актуалдуу темаларын көтөрүп, окурмандарыбыздын көйгөйлөрүн чечүүгө жардам беребиз.

Биз материалдарды кыргыз жана орус тилдеринде объективдүү жана ыкчам чагылдырабыз.

Командабызга жогорку квалификациялуу байланыш адистеринин тобу топтолгон. Атап айтканда, ар кандай адистиктеги журналисттер, маркетологдор, сценаристтер, тажрыйбалуу режиссерлор, SMM адистери, операторлор, редакторлор жана аниматорлор бар.

Материалдар текст, сүрөт, видео, инфографикалар менен коштолуп даярдалат. Биз саясат, экономика, маданият, спорт, коом тууралуу гана маалыматтарды даярдоо  менен эле чектелбей, кызыктуу адамдар менен да эксклюзивдүү маектерди уюштурабыз.

Сайттын негизги аудиториясы 18 жаштан 64 жашка чейинки кыргызстандыктар. Бирок биздин жаңылыктарды бир гана Кыргызстан эмес, мыкты 10 өлкө окуйт. Алар: Орусия, АКШ, Казакстан, Канада, Түркия, Украина, Түштүк Корея, Германия жана Өзбекстан.

Reporter.kg ар кандай темадагы социалдык жана коммерциялык видеолорду суроо-талап боюнча даярдайт. Видео тартуу, монтаждоо, анимация түзүү иштерин жүргүзөт.

Компанияда ар кандай мүнөздөгү аудио жана видеолорду даярдоо үчүн бардык керектүү ресурстар бар — квалификациялуу адистерден баштап заманбап технологияга чейин, тактап айтканда, компания Бишкектеги аянты 90 чарчы метрди түзгөн 3-ири медиа студиясына ээ. Үн жаздыруучу студия, заманбап жарык, ошондой эле алдыңкы видео жабдуулар бар.

Суфлер

Пульт

Үн жаздыруучу кичи студия

Бардык укуктар корголгон. Сайтта келтирилген материалдарды көчүрүп алуу басмакананын уруксаты жана булакка активдүү гипершилтемени милдеттүү түрдө көрсөтүү менен гана мүмкүн болот.

Биздин кызматтардын бааларын бул жерден көрө аласыз.

Социалдык тармактагы баракчалар: 

FACEBOOK

INSTAGRAM

TWITTER

TELEGRAM

ODNOKLASSNIKI

YOUTUBE

Телефон ном:

0312963031 – Редакция
+996550201406 — WhatsApp

Почта: press@reporter.kg

Дарек: Кыргызстан, Бишкек ш., көч. Кара-Кульская 1