Садыр Жапаров: Айзада Канатбекованын ишин жеке көзөмөлүмө алам

Садыр Жапаров: Айзада Канатбекованын ишин жеке көзөмөлүмө алам

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Айзада Канатбекованын өлүмү тууралуу үн катты.

Президенттин кайрылуусун өзгөтүүсүз беребиз.

“Айзада Канатбекованы ала качкандыгы жана анын өлүмү жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Коомубузда кыздарды мажбурлап никеге тургузуу дагы деле орун алып жатканы кабыл алынгыс көрүнүш. Айзаданын башына келген окуя анын үй-бүлөсү үчүн гана эмес, биздин жалпы мамлекетибиз үчүн бул чоң трагедия.

Кыз ала качуу, кыздарды зордоп кармоо менен аларды эркине койбой никеге турууга мажбурлоо ар дайым трагедияга алып келет.

Тилекке каршы, ала качуу үчүн жазалар катаалдаштырылгандыгына карабастан, уурдап кетип, мажбурлап никеге тургузуу жаштар арасында алигиче болуп келет. Бир нече жыл мурда мындай трагедия Бурулайдын башына келип, бир адам ага үйлөнөм деп ала качууга аракет кылган. Бурулай ысымы кыргызстандыктар үчүн эстен кеткис ысым катары калды. Кылмышкер жасаган иши үчүн соттолду. Бурулай болсо үй-бүлөсүнөн ажырап, бул дүйнө менен түбөлүккө коштошту. Мындай окуялар болбошу керек.

Ала качуу менен никелешүүгө мажбурлоо мыйзам чегинде катуу жазаланышы керек. Ала качууга жана жарандарды күч менен кармоого салым кошкондор үчүн кечирим болбошу керек.

Айрыкча Ички иштер министрлигинин иши жөнүндө айтып кетким келет. Коомубузда мыйзамдуулук жана тартип биринчи орунда турушу керек. Муну эч ким унутпашы кажет.

Айзада Канатбекованы ала качып, ага ушунчалык ырайымсыз мамиле кылган кайгылуу окуя, тарыхта ала качуунун акыркысы болушу керек. Азыркы өнүккөн коомдо буга такыр жол берилбеши керек. Мындай кылмыш иштери үчүн баардыгы жазаланышы зарыл.

Мен Айзада Канатбекованын ишин жеке көзөмөлүмө алам. Бул иш аягына чыгарылышы зарыл жана жазасы сөзсүз болот.

Кыргызстандын бардык жарандарын, эгерде кыз ала качуу аракеттерин көрүп калса, кайдыгер карабоого чакырам. Ар бир кыргызстандыктын өмүрү жана эркиндиги баарынан жогору турат.

Айзада Канатбекованын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам. Белиңиздерди бекем бууңуздар. Бул каргашалуу окуяга түздөн-түз катышкандар мыйзам чегинде катуу жазаланат.”

 

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>