Соңку суткада коронавирустун жаңы 224 учуру катталып, 8 адам көз жумду

Соңку суткада коронавирустун жаңы 224 учуру катталып, 8 адам көз жумду

Бир сутка ичинде коронавирустан Бишкекте 6, Ысык-Көлдө 2 адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде 5084 адамдан ПЧР тест алынып, COVID-19 224 адамдан аныкталды. Вирус жуктуруп алгандардын алтоо медицина кызматкерлери.

Жаңы учурлар:

  • Бишкек — 139;
  • Ош шаары — 1;
  • Чүй — 63;
  • Ош — 2;
  • Нарын — 8;
  • Ысык-Көл — 11.

Ошол эле учурда оорудан 225 бейтап сакайды. Пандемия башталгандан бери 90 146 киши вирустан айыкса, 96 561 киши оору жуктурган. Инфекциядан каза болгондордун жалпы саны 1630га жетти.

Рубрики: COVID-19 , ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>