Токмок шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарылды

Токмок шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарылды

Борбордук шайлоо комиссиясы Токмок шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Мындай чечим мекеменин 3-майда өткөн жыйынында кабыл алынган.

Ага ылайык, “Бирге”, “Республика”, “Эл биримдиги”, “Эмгек” партиялары бири-биринин үстүнөн арыз жазышкан.

Белгилей кетсек, Токмок шаардык кеңешине 5 партия өткөн.

Алар:

— «Ата-Журт Кыргызстан» – 4.06%;

— «Бирге» – 18.49%;

— «Республика» – 11.92%;

— «Эмгек» – 47.62%;

— «Эл биримдиги» — 14.13%.

Арыздар каралып чыккандан кийин БШКнын жумушчу тобу 7 шайлоо тилкесиндеги, атап айтканда №7068, №7069, №7070, №7071, №7072, №7070, №7075, №7081 тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуштаган.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, мыйзам боюнча эгер добуш берүүчүлөрдүн үчтөн бир бөлүгү добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбаса, анда шайлоо өткөн жок деп эсептелет. Ал аталган 7 шайлоо тилкесиндеги добуштар жалпы добуштун 33%ын түзө турганын, ушуга байланыштуу БШКнын мүчөлөрүнүн добушу менен Токмок шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылганын белгилеген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>