Дордой базарындагы контейнерден өрт чыкты

Дордой базарындагы контейнерден өрт чыкты

Бишкек шаарындагы Дордой базарынын аймагындагы контейнерден өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалд министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоону өчүрүүгө саат 20:33тө Свердлов райондук №2 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 20:46да Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 20:48де Биринчи Май райондук №8 АӨКБдан 1 бөлүм жана суу ташуучу унаа, жалпы 3 бөлүм, саат 20:48де Штаб, саат 21:00дө ККББнын ППУ менен ыкчам топ тартылган.

«Мындан сырткары саат 21:25те ИИМден 2 экипаж жана тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган. Жеринде кырдаалды көзөмөлдөө үчүн өзгөчө кырдаалдар  министринин орун басары полковник Калыс Ахматов жеринде көзөмөлдөөдө», — деп айтылат билдирүүдө.

Дордой базарынын аймагында жайгашкан  дүкөндөн чыккан өрт саат 00:01де чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатканы, кошумча маалымат берилери айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>