Жалал-Абаддын Благовещенко айылында «БУУнун Аялдар» түзүмүнүн колдоосу менен тигүү цехи ачылды — сүрөттөр

Жалал-Абаддын Благовещенко айылында «БУУнун Аялдар» түзүмүнүн колдоосу менен тигүү цехи ачылды — сүрөттөр

6-апрелде Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Благовещенко айылында тигүү цехи ачылды. Цехтин ачылышына 160 миң сомго тигүүчү машиналарды сатып алууга көмөк көрсөткөн Кыргызстандагы «БУУнун Аялдар» түзүмүнүн колдоосунун аркасында мүмкүн болду.

Сузак районунун акими Төрөгелди Түркбаев белгилегендей, аталган айылдагы аялдарды «БУУнун Аялдар» түзүмү тарабынан колдоо иштери 2013-жылдан бери жүрүп келе жатат.

«Эгер биз менталитетибизден баштасак, анда аялдар көбүнчө үйдө отурушат жана үй жумуштарын жасашат. Бул долбоор үй-бүлөлүк бюджетти толтурууда аялдар менен кыздардын ролун көрсөтүүгө жардам берет», – деди ал.

Аким белгилегендей, долбоорду баштоо лидер аялдар менен активисттердин айыл өкмөтү жана райондук администрация менен биргеликте иш алып баруусунун натыйжасында мүмкүн болду.

«Лидер аялдар аялзатын жумуш менен камсыз кылуу маселесин көтөрө башташкан. Райондук администрация цех ачуу үчүн жайды таап берген. Биргелешкен иштин аркасында жаңы жумуш орундары түзүлдү», – дейт ал.

«БУУнун Аялдар» түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурен Жамсран белгилегендей, бардык деңгээлдеги жолугушууларда талкууланган негизги темалардын бири аялдарга болгон зомбулукка каршы күрөшүү тез жана жигердүү болуусу максатында аялдардын экономикалык потенциалын көтөрүү, аларды тартуу, алардын чечимдерин күчтөнтүү болду.

«Бүгүнкү күндө түзүлгөн келишимдердин бири – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан дагы, жарандык коом тарабынан дагы алар өз иш-аракеттеринин деталдуу пландарын иштеп чыгышат. Бул иштер жергиликтүү кеңештерге шайлоодон кийин дароо башталат. Аны ишке ашыруу 2021-жылдын экинчи жарымына пландаштырылган», — деди ал.

«БУУнун Аялдар» түзүмү COVID-19 пандемиясынан кийин жакырчылыктын торуна түшкөн аялуу катмардын, анын ичинде аялдар менен балдардын саны кескин көбөйгөнүн белгилөөдө. Жапония Өкмөтү менен биргеликте «БУУнун Аялдар» түзүмү тарабынан башталган “Кыргызстандын аялуу коомчулуктарындагы коронавирус илдетинен (COVID-19) жабыркаган кыз-келиндерге колдоо көрсөтүү” долбоору Нарын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айылдарындагы кыз-келиндерге экономикалык ресурстарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү, энергияны үнөмдөгөн инновациялык технологиялар колдонулган долбоорлорду жүзөгө ашыруу дараметин арттыруу, аялдардын жергиликтүү башкаруу органдарында катышуусун камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аларга карата чара көрүү иштерин пландаштыруу аркылуу экономикалык ишти жандандырууга колдоо көрсөтүп келет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>