Жээнбековдун иш бөлмөсүнөн табылган Атамбаевдин видеосу иликтенүүдө

Жээнбековдун иш бөлмөсүнөн табылган Атамбаевдин видеосу иликтенүүдө

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иш бөлмөсүнөн камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жактоочусу менен УКМКнын СИЗОсунан  сүйлөшкөн видео жазуу табылганы боюнча тергөө иштери уланууда. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Бул факты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (өзүнө же башка адамдарга жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды алуу максатында же кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен катталгандыгы маалымдалды.

Тергөө иштерин Аскер прокуратурасы жүргүзүп жатат.

Видео дисктер Октябрь окуяларынан кийин табылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>