ЖМК: Лукашенконун учагы Беларустан чыгып кетти

ЖМК: Лукашенконун учагы Беларустан чыгып кетти

Беларустун президенти Александр Лукашенконун учагы Минск шаарынан учуп чыгып, бир нече сааттан кийин Түркиянын түштүк батышына конду. Бул тууралуу PlaneFinder сайтына шилтеме кылып, Lenta.ru. жазып чыкты.

Телеграммдагы “NEXTA” каналы жеке булактарына таянып, экипаж алдын ала дардалганын ал эми президенттин EW-301PJ бортунун учкучтары аэропортто түнөп чыгышканын жазды.

Басылма аэропорттогу бардык өткөрмө бекеттери тыкыр текшерилип жаткандыктан, бортто Лукашенко өзү да болушу мүмкүн деп, ал үй-бүлөсү менен сыртка чыгып кетиши мүмкүн экендигин божомолдогон.

Белгилей кетсек, 9-август күнү Беларуста президенттк шайлоо өттү. 26 жылдан бери өлкөнү башкарып келе жаткан Александр Лукашенко бул жолу дагы шайлоочулардын 81 пайыз добушуна ээ болуп, жеңишке жетишти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>