Аккулу Бердиев Жогорку Кеңештин депутаты болду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Аккулу Бердиев «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат болуп келди. Ал тышкы иштер министри болуп дайындалган Руслан Казакбаевдин ордуна мандат алган. Бердиев Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталып, ага күбөлүк жана төш белги берилген.